Парламенттин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова Миграция боюнча эл аралык уюмдун программаларынын директору Йорио Танимура менен жолугушту. Жолугушууда ички жана тышкы миграция маселелери талкууланды. Чолпон Баекова Кыргызстанда миграциялык процесстер СССРдин кулашы менен башталганын белгилеп, бүгүнкү күндө республикадан сырткары жерлерде 500 миң Кыргызстандын жарандары иштеп жүргөндүгүнө байланыштуу бул маселеге өлкөдө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Буга ал Эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция боюнча министрликтин кайра түзүлүшүн мисал катары келтирди.
Йорио Танимура өз кезегинде миграция эл аралык маселе болгондуктан аны бир тараптуу гана чечүү мүмкүн эместигин, аны чечүүдө парламент, өкмөт, жумуш берүүчүлөр, коомдук жана эл аралык уюмдар тыгыз байланышта иштеши керектигин белгиледи. (AzK)