Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Иранда 109 киши камакка алынды


Алар шаршембидеги демонстрацияга катышканы үчүн камакка алынды. Июндагы президенттик шайлоого байланышкан оппозициянын нааразылык акциясы АКШнын Тегерандагы элчилигин исламчылар басып алган күндүн 30 жылдыгы расмий белгиленген иш-чаралар менен бир мезгилге туура келди. Тегеран полициясынын башчысы генерал Азизолла Ражабзаденин сөзүнө ылайык, кармалгандардын 47си күрөөгө бошотулуп, 62си түрмөдө кала берүүдө. Шаршембидеги демонстрацияны таркатууда полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон.

XS
SM
MD
LG