Басма сөз кызматкерлеринин майрамында Ысык-Көл облусунун 70 жылдыгына карата жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталды. Калыстар тобуна кирген Интерньюс уюмунун жана Россия журналисттеринин баа берүүсү боюнча телеканалдардан “Стан ТВ”, К+ радиолордон “Азаттыктын” аймактагы кабарчылары, гезиттерден “Ысык-Көл кабарлары” 1-орунду ээлеп, компьютер , телевизор утуп алды. Кумтөр компаниясынын маалымат каражаттары боюнча менеджери, журналист Сергей Дедюхин аймактардагы кабарчылардын деңгээлин көтөрүү боюнча жаңы долбоор пландап атканын белгиледи. Бул күнү орусиялык Дениз Бевз журналисттерди чыгармачыл окутуудан да өткөрдү. Кеченин аягында чоң программадыгы концерт жана сый тамак уюштурулду.
” Ысык-Көл - жээк, жашоо жана жүрөк чеги” атылыштагы конкурсту Каракологу журналисттер үйү уюштуруп, Кумтөр компаниясы башкы демөөрчү болду. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кесиптик майрамы буга чейин Ысык-Көлдө мындай чоң дэңгээлде өтпөгөнү айтылды.(RB)