Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Камбар-Атада болчу жардыруудан каражыгачтыктар кооптонууда


Токтогул районундагы бул айылдын жашоочулары Камбар-Ата-2 ГЭСинде жакында болооору күтүлгөн жардыруудан чочулап турушкандыгын билдиришти. Алар эскилиги жеткен жана сокмо дубалдардардан турган үй-жайларга жардыруунун эпкини тийбей койбойт, деп тынчызданууда. Айыл баш ийген Торкен айыл өкмөтүнүн башчысы Шыкмамат Маманов Кара-Жыгачты атайын адистер байкоодон өткөрүп жаткандыгын маалымдады. Губернатор Кошбай Масиров Камбар-Атадагы жардыруу жер астында эмес, жер үстүндө болгондуктан анын күчү кыйла азайып, ГЭСтен үч чакырым алыс аралыкта турган Кара-Жыгач айлына анын эпкини тийбей турганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG