6-ноябрда Бишкек шаардык гарнизондук аскер соту Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу ишти карап, бир катар күбөлөр суралган. Суралган күбөлөр И.Исаковдун пайдасына көрсөтмө беришип, айрымдары буга чейин кысым алдында башкача көрсөтмө беришкенин моюнга алышты. Эми 11-ноябрда сот айыпталуучулардын өздөрүн сурамакчы.
Эскерте кетсек, Исмаил Исаков мурда коргоо министри, андан кийин коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген. Былтыр ал президент Курманбек Бакиевдин саясатына макул эместигин билдирип, өз калоосу менен бийликтен кеткен. Ошондон кийин ага карата Коргоо министри болуп турганда кызматынан кыянат пайдаланган, мамлекеттик мүлктү максатсыз колдонгон деген сыяктуу жүйө менен кылмыш иши козголгон. Генерал И.Исаковдун соту жети айдан бери уланып келатат. (IJz)