Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

Ооганстанда жергиликтүү аскерлерди мерт кылды деген аба соккусу иликтенип жатат


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ушул жума күнү өлкөнүн батышындагы Бадхис деген провинциясында Талиб согушкерлери менен уруш учурунда жасалган аба соккудан сегиз ооган, анын ичинде төрт аскер, үч полицей жана котормочу мерт болгон. Ошондой эле жергиликтүү он жети аскер, АКШнын беш жоокери жана дагы бир котормочу жаракат алганы кабарланды.

Ооган коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, жоокерлердин өлүмүнө жана жарадар болушуна алып келген бул окуя НАТО күчтөрүнүн абадан жасаган соккусунун кесепети өңдөнөт. Расмий өкүлдөр белгилегендей, АКШ жана ооган тарап учурда мындай божомолдун чын-төгүнүн иликтеп жатат.

Ал эми аба соккусу ушул шаршемби күнү Ооганстандын батышында дайынсыз жоголгон америкалык эки десантчыны издөөгө чыккан жоокерлер менен полицейлер тобу Талибандын согушкерлери менен кагылышкан кезде жасалган.

XS
SM
MD
LG