Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Саясий куугунтукту токтотуу боюнча акция өтөт


Бүгүн Бишкекте активист Өндүрүш Токтоназаров саясий куугунтуктарды токтотуу жана “Азаттык” үналгысын эфирге эркин чыгарууну талап кылып акция өткөрөт. Буга чейин Ө. Токтоназаров үйүнө өзү жокто милиция кызматкерлери издеп келгенин, өзүн улуттук коопсуздук кызматтын өкүлүмүн деп тааныштыргандар чалып, жолугууга чакырып жатканын маалымдаган. Алар менен акция маалында кездешерин айткан. Тартип коргоо органдарынын мындай аракеттерин моралдык жактан кысымга алуу катары баалаган. Мамлекеттик коопсуздук кызматы азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG