Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын акциясы жүрүп жатат


Бишкектин батыш тарабындагы темир жол башкармалыгынын сейил багында уюштурулган иш-чарада “Азаттык” үналгысын УТРК аркылуу уктуруу жана өлкөдөгү саясий куугунтукту токтотуу талабы коюлууда. Иш-чаранын уюштуруучусу Өндүрүш Токтоназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Азаттык” үналгысын колдоп, нааразылык иш-чарасына чыгууну каалагандар көп болуп жатат, бирок бүгүнкү аба ырайынын өзгөрүшү буга терс таасирин тийгизди: “Бирок эң башкысы –шаардык мэриядан мына ушул иш-чараны өткөрүүгө шаардык ат майданынын жанынан орун бериши болду, анткени бул жакты көпчүлүк билбейт, ошондуктан, бизге кошулууну каалап, бирок таба албай жатканын айтып телефон чалгандар да көп,” деп билдирди Өндүрүш Токтоназаров.

Ленин РИИБнүн башкы инспектору Турар Базарбаев нааразылык акциясы өтүп жаткан жерге келип, иш-чаранын чакырыктары жазылган кагаздарды текшерип кетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG