Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Кожентте Баткен облусунун маданият күндөрү өтөт


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин маалымат кызматынан бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, Тажикстандын Согду облусунун борбору - Кожент шаарында өтчү бул иш чара эртең башталып, бир жумага созулмакчы. Анда Кыргызстандын кинотармагы жана Баткен облусу тарабынан даярдалган көркөм тасмалар Согду облустук телекомпаниясынан көрсөтүлөт. Андан сырткары көргөзмө жарманкелер уюштурулуп, жергиликтүү өнөрпоздор кошуна элге өз өнөрлөрүн көрсөтүшмөкчү. Бул демилге Баткен облусунун жетекчилиги тарабынан көтөрүлүп, кошуна эки элдин ынтымагын бекемдөө жана кызматташууну артыруу максатында уюштурулууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG