Парламенттин Координациялык кеңешинин бүгүнкү отуруму 12-13-ноябрь күндөрдөгү сессиянын күн тартибин талкуулап, бекитти. Алардын катарында кайра түзүлгөн комитеттердин курамын бекитүү маселеси да бар. Жогорку Кеңеш административдик реформанын чегинде мурдагы 12 комитеттин ордуна 9 комитет түзүп, өткөн аптада анын төрагаларын жана орун басарларын шайлаган. Сессия чечимине ылайык “Ак жол” фракциясы 8 комитетти, Коммунисттер фракциясы 1 комитетти башкарып калды. Депутаттардын саны боюнча экинчи орунда турган СДП фракциясына комитет ыйгарылган жок. Буга нааразылык билдирген оппозициядагы СДП фракциясынын депутаттары жума күнү парламент сессиясынан чыгып кетишкен. Эми комитеттердин ишине катышар-катышпасы тууралуу фракция бир чечимге келе элек. Бул тууралуу төрага орун басары Иса Өмүркулов билдирди. (BuS)