Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук бөлүмүнөн кабарлашты. Облустун күзөт бөлүмүнүн маалыматына караганда Казакстан менен Кыргызстан чектешкен Каркыра аймагында катуу жааган кардан Түп-Кеген автожолунун 53-76 -чакырымдарынын аралыгында болжол менен эки өлкөгө таандык сегиз автоунаа кар алдында калышкан. Аларда жалпысынан 13 атуул болгон. Атуулдар арасында жабыркагандар катталган жок, автоунаалар толугу менен куткарылды деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук күзөт кызматынан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы күзөт бөлүмүнүн маалыматына караганда бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында кар жаап жатат. (BuS)