Бир аз убакыт мурда таратылган маалыматка караганда Түркияда Ислам Конференциясы уюмунун саммити аяктады. Саммиттин жыйынтыгында декларация кабыл алынды. Саммитке башка мүчө мамлекет башчыларынын катарында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да катышып, мамлекеттик тилде сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Бакиев Кыргызстан исламдык билим берүү, маданий жана каржы борборунун долбоорун түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Президент Бакиев Ислам Конференциясынын кезектеги саммитине катышуу үчүн Түркияга 8-ноябрда барган, ошол эле күнү Кыргызстандын президенти Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен эки тараптуу жолуккан. Президенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда Бакиев Бишкекке бүгүн кайтып келет.
Кыргызстан ИКУга мүчө алтымышка жакын өлкөнүн катарында турат. Ал мүчөлүккө 1992-жылы кабыл алынган. (BuS)
Кыргызстан ИКУга мүчө алтымышка жакын өлкөнүн катарында турат. Ал мүчөлүккө 1992-жылы кабыл алынган. (BuS)