Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Боинг 737-200 үлгүсүндөгү учактар текшерилет


Текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн Кыргызстанга Англиядан атайын адистер келет. Бул тууралуу Жарандык авиация департаментинин башчысы Александар Настаев билдирди. Аталган департамент жергиликтүү аба компаниялардын Боинг 737-200 учактарынын ишинде техникалык мүчүлүштүктөр көп катталгандыктан мындай учактар менен эл ташууга тыюу салган. Жарандык авиация департаментинин бул чечими 16-октябрда сотто жокко чыгарылган. Былтыр Бишкектен анча алыс эмес жерде Бишкек-Тегеран каттамындагы Боинг 737-200 кыйрап алтымыш беш адам набыт болгон. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG