Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Жумагулов “Азаттыкка” баяндама кыргыз Тышкы иштер министрлиги аркылуу берилиши керектигин, азырынча колдоруна алыша электигин айтты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу баяндамасын кечээ жарыялаган. Анда добуш берүү негизинен мыйзам бузуулар менен өткөнү баса белгиленген. Кыргыз бийлигине шайлоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуунун кошумча чараларын киргизүү сунушталган. Добуш берүүдө административдик ресурстардын колдонулушун чектөө, маалымат каражаттарынын бир жактуу болбошуна шарт түзүү керектиги көрсөтүлгөн. (EBM)