Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Чочко тумоосу менен ооругандар саны 27ге жетти


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык борборунан маалымдашты. “Чочко тумоосу менен ооругандардын 98 пайызын Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн келген гастарбайтерлер түзүп жатат. Ушу тапта аталган тумоо менен ооруган сегиз адам врачтардын атайын көзөмөлүндө болсо, калганы үй шартында даарыланып жатышат. Бүгүнкү күнгө бул оорудан каза тапкандар жок. Бирок чочко тумоосуна кабылгандар күн санап өсүп жаткандыгына байланыштуу жарандар коопсуздук чараларын көрүшү абзел”– деп эскертет санитардык-эпидемиологиялык борборунун башчысы Төлөн Исаков. Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармектер менен камсыздоо департаменти чочко тумоосунан коргонуу үчүн 5 млн.медициналык бет кап алынып келинерин билдирет. Бул чара тумоонун жайылышын ооздуктап, эпидемиологиялык кырдаалдын начарлап кетүү ыктымалдуулугунун алдын алат деген үмүт бар. 11-ноябрга дейре өлкөгө сырттан 200 миң, ал эми кийинки жумада 700 миң медициналык беткап менен кыргызстандыктарды камсыздоо максатталып жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG