ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Нью-Йорктогу консулдуктардын бир нечеси шектүү кат алышты

Австриянын, Франциянын жана Өзбекстандын Нью-Йорктогу консулдуктарына почта аркылуу келген каттарда шектүү ак порошок болгон. Баштапкы анализдер ал зыянсыз экенин көргөздү. Бирок каттардын биринде “ал-Каида” террордук уюму жөнүндө эскерилгендиктен, полициянын маалыматына караганда, конвертке колу тийгендердин баары дезинфекциядан өткөрүлдү. Консулдуктарга келген үч кат тең АКШнын Техас штаттынын Даллас шаарынан жөнөтүлгөн.
​
XS
SM
MD
LG