Облустук санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаев облустун үч тургунунан оору аныкталганын билдирди. Таш-Көмүр шаары менен Ноокен районунда учурда дарыланып жаткан бул адамдардын абалы жакшы. Үчөө тең Орусияда иштеп кайткандар. Оорулуулар үчүн дары-дармек жетиштүү. Алардын тууган-уруктары менен тааныштарынан 144 кишинин ден-соолугун дарыгерлер көзөмөлдөп, күнүнө эки ирет денесинин ысытмасы текшерилүүдө. Буларда оорунун белгилери аныкталган жок. Чочко тумоосунун алдын алуучу эмдөө дарысы облуска келе элек. Ал келгенде биринчи иретте калкты тейлөө кызматындагылар эмделет. (YA)