Техастагы Форд –Худ аскерий базасында өткөн бейшемби күнү АКШ армиясынын Нидаль Малик Хасан ысымдуу майору жана аскерий психиатр ок чыгарганда, он үч жоокер курман болгон. Ошол окуя учурунда полициянын жооп огунан жаракат алган Хасандын өзү азыр ооруканада, бирок акыл-эсине келди.
Федералдык тергөө бюросунун билдиргенине караганда, тергөөчүлөр майор Хасан радикал көз-карашты тутунган имам менен утур-утур байланышта болгонуна карабай, ал террордук ишмердикке же террорду пландоого тартылган эмес деген тыянакка келген.
Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Хасанга кылган кылмышы үчүн айып аскерий сотто коюлары күтүлүүдө.
Кабарларда теги боюнча палестиналык Хасан АКШнын Ирак менен Ооганстандагы аскерий операцияларына жана жакында өзүнүн Ооганстанга жөнөтүлүп жатышына каршы болгондугу айтылган.