Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Молдова парламенти бүгүн президентти шайлай алган жок


Молдова парламентиндеги бүгүнкү добуш берүүнүн кайрадан ушундай жыйынтык менен аякташына Коммунисттик партиядан шайланган депутаттардын шайлоону бойкоттошу себеп болду. Президенттикке көргөзүлгөн жалгыз талапкер, Демократиялык партиянын лидери Мариан Лупу үчүн парламентте көпчүлүктү түзгөн, батышчыл багыттагы төрт партиянын альясынан шайланган 53 депутат добуш берди. Бирок шайлоо жарактуу деп табылыш үчүн кеминде 61 добуш талап кылынган. Оппозициядагы коммунисттердин парламентте 48 орду бар. Президенттин шайланбай калышы менен эми кезектеги добуш берүү келерки айга белгиленүүсү керек. Аналитиктердин пикиринде, коммунисттер президенттин шайлануусуна тоскоолдук кылуу менен Молдовада келерки жылдын башында кайрадан мөөнөтсүз шайлоо өткүдөй жагдай жаратууну көздөөдө. Молдова премьер-министри Влад Филат ийгиликсиз аяктаган бүгүнкү шайлоодон кийин парламенттик көпчүлүк коммунисттер менен аларды президент үчүн добуш берүүгө көндүргөн шарттарды жана принциптерди талкуулоосу зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG