Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:21

Пакистандагы бүгүн жарылуудан кеминде 20 киши каза тапты


Жарылуу өлкөнүн түндүк-батышындагы Чарсадда шаарында болду. Айрым маалыматтарга караганда, жардырууну жанкечти жасаган. Башка булактар бомба шаардын ишкер кварталында турган автоунаага коюлганын билдиришүүдө. Жарылуудан кеминде 20 киши каза тапкандан тышкары, 40ка жакын адам жаракат алды. Чарсадда Пакистандын Түндүк-батыш чек ара провинциясынын борбору Пешевардан 40 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Бул - Пакистандын түндүк-батышындагы кол салуулардын азырынча акыркысы болду. Пакистандык талибдер армиянын Ооганстанга чектеш, Түштүк Вазирстан аймагындагы чабуулуна жооп ирээтинде кол салууларды күчөтөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG