Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:58

Орто-Сай базарында өрт чыкты


Өрт өчүрүү кызматынын башкы инспектору Болотбек Ногойбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче өрт Оберон жана Кулун-Ата базарында таңкы саат төрттөн жыйырма мүнөт өткөндө башталган. Жыйынтыгында 16 дүкөнчө жана 10 контейнер күйүп кеткен. Өрт толугу менен эртең мененки жетилерде өчүрүлдү. Учурда ал жерде 17 өрт өчүрүү кызматкери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Учурда өрт өчүрүү кызматынын лабораториясында өрттүн чыккан себептери иликтенип жатат. (AzK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG