Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Бишкекте адам сатуу маселеси талкууланып жатат


ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргызстандын адам сатууга каршы күрөшүү боюнча мыйзамынын кайра каралышын колдойт. Кыргызстанда мыйзамды эл аралык стандартка ылайык келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоору өкмөттүн кароосуна коюлат. “Адам сатуу боюнча мыйзамды өнүктүрүү кылмыштарга карата күрөшүүдө өтө зарыл. Бул учурда регионалдык кызматташуу өзгөчө мааниге ээ. ЕККУ Борбор Азия өлкөлөрүнө бул жаатта өзүнүн өкүлчүлүктөрү аркылуу жардам берип келет”,-деп билдирди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьер. Талкуу 3 күнгө созулат. Ага ЕККУнун Бишкектеги борборунун өкүлдөрү, адам сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча кыргыз адистери жана эл аралык эксперттер катышууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG