Бүгүн Бишкек гарнизондук сотунда Балыкчы аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары Нурдин Каимов суралды. Бирок ал судья Серик Абиевдин 13 техниканын кайда жоголушу тууралуу суроосуна так жооп бере алган жок. Каимов жалпысынан берген жообунда акча каражатынын жетишсиздиги учурунда эскирген техникаларды сатууну туура иш катары баалады. Судья жоголгон техникалар боюнча так жооп берүүгө Нурдин Каимовго эки күн бөлүп, шаршемби күнү кайрадан ал сурак берерин белгиледи.
Белгилүү болгондой оппозиция лидерлеринин бири, мурунку коргоо министри Исмаил Исаков Балыкчыда аскердик техникалардын жоголушу, уулуна квартира берилиши жана аскердик майрамдарды белгилөөгө каражат бөлгөнү боюнча айып коюлган. Исаков муну саясий куугунтук катары белгилеп келет. Ал эми 7 айдан бери уланып келаткан сотто күбөлөр Исмаил Исаковго каршы көрсөтмө берген жок.(AiT)