Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:10

Европа Биримдиги президентин тандайт


Европа Биримдиги эмки жумада шаркеттин президентин жана тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлүн дайындоо маселеси боюнча чукул саммит өткөрөт. Биримдиктин учурдагы төрагасы Швеция өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, 27 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары Брюсселде 19-ноябрда чогулушмакчы. Эки кызматты түзүү Лиссабон келишиминде каралган. Документ 1-декабрда күчүнө кирмекчи. Ага акыркы болуп Чех жумуриятынын президенти 10 күндөй мурун кол койгон.

XS
SM
MD
LG