Музыкант, композитор Ришат Шафини сөөгү кечээ Москванын жакындагы Богородское көрүстөнүндө жерге берилди. Шафи Түркмөнстандын «Гунеш» жаз тобунун жетекчиси жана барабанчысы болгон. Шайыр 54 жашында футбол ойноп жатып, 4-ноябрда күтүлбөгөн жерден көз жумду. Шафи Москвага СССР кулагандан кийин көчүп кеткен, былтыр президент Гурбангули Бердымухамеддовдун чакыруусу менен мекенинде болуп кайткан.