Орус Православ чиркөөсүнүн тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеген Архиэпископ Илларион кабарчыларга «Католик жана Православ чиркөөлөрүнүн башчылары «тарыхый жолугушуу» өткөргөнүн бышыктады. Ал кабарчыларга Ватикан менен орус чиркөөсүнүн ортосундагы мамиле кылымдардан бери начар болгонун, кийинки жылдары да орус чиркөөсү католиктерди пост-советтик Россияда динзарларды өз тарабына тартууга аракет кылат деп күнөөлөгөнүн эскертип өттү.