Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Чочко тумоосу Украинада президентти өкмөт башчысы менен кайраштырды


Экөө тең 17-январдагы президенттик шайлоого талапкер болгон президент Виктор Ющенко менен премьер Тимошенко бир-бирин бул тумоонун жайылышы менен жакшылап күрөшпөйт деп күнөөлөшөт. Тимошенко Ющенконун 125 миллион доллар бөлүүнү караган мыйзамга кол койбой койгонун адамдын өмүрүнө коркунуч келтирди деп баалады. Ющенко буга «мыйзамга кол койсом жаңы акча басып чыгарууга туура келет, демек улуттук акчанын наркы түшөт» деп жооп берди. Саламаттык министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 17 киши чочко тумоосунан кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG