Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Бүгүн А. Жекшенкуловдун иши сотто каралат


5-ноябрда күбөлөр келбей калгандыктан Биринчи май райондук соту ишти кароону бүгүнкүгө (12-ноябрга) жылдырган. Мурдагы тышкы иштер министри, оппозициячыл лидер Аликбек Жекшенкуловго анын тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атылып өлтүрүлгөн деген айып коюлууда. "Адилеттик үчүн" кыймылынын жетекчиси Жекшенкулов бул доолорду четке кагып, өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалаарын айткан. Бир нече ай абакта кармалган Жекшенкулов ушул тапта Бишкекте үй камагында. Кыргыз оппозициясы Жекшенкуловдун сотун эки жылдан бери улантылып жаткан жалпы эле оппозицияга каршы куугунтуктун бир бөлүгү катары баалоодо. (EBM)

XS
SM
MD
LG