Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Карызы барлардын сыртка чыгуусу чектелет


Бүгүн Жогорку Кенештин отурумунда депутаттар “Кыргыз Республикасындагы сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдошту. Ага ылайык карызы бар адамдардын убактылуу өлкөдөн чыгып кетүүсү чектелет. Баяндамачы Бакыт Төрөбаевдин билдиришинче, акыркы мезгилде өлкөдө карызын кайтара албай калгандар боюнча соттук териштирүүлөр көбөйдү. Карызы бар адамдар соттун чечимине карабай чет мамлекеттерге качып кетүүдө. Төрөбаевдин ырасташынча, жогорудагы толуктоо карыз ээсинин укугунун корголушун жана соттун чечимдеринин аткарылышын жакшыртат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG