Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Милиционер аялдардын абалы талкууланууда


Учурда Бишкекте “Демократиялык коомдогу милиционер аялдардын ролу” аттуу жыйын өтүүдө. Анда милиционер айымдардын абалы, алардын кызматтык тепкич боюнча жогорулоо маселеси талкууга алынды. Белгилүү болгондой, учурда ички иштер органдарында эки миңге чукул айымдар иштейт. Алардын 60 пайызы отуз беш жашка чейинкилер. Конференцияда ички иштер органдарындагы гендердик тең салмактуулукту сактоо механизмдери такталды. Иш-чарага ИИМдин алтымыштай аял кызматкери, депутаттар, Орусия, Казакстан өңдүү бир нече мамлекеттен келген милиция кызматкерлери катышууда. (AiJu)

XS
SM
MD
LG