Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Р. Отунбаева СДП фракциясынын лидери болуп калды


Кечээ кечиндеги (11-ноябрдагы) жабык отурумда Социал-демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясы депутат Роза Отунбаеваны фракция башчылыгына шайлашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов бүгүн билдирди.
Бул фракцияны буга чейин учурда чет жакта бозгунда жүргөн профессор Бакыт Бешимов жетектеп келген. Бешимов, Кыргызстандын Индиядагы мурдагы элчиси жана Кыргыз-Америкалык Борбордук Азия Университетинин мурдагы проректору, 23-июлдагы президенттик шайлоодогу бурмалоолорго кескин нааразычылыгын билдирип, Кыргызстанда "хандык" негиздеп жатат деп азыркы бийликти айыптаган. Ал август айында өзүн күч менен жок кылуу аракети болгондугун айтып, өлкөнү убактылуу таштап кетүүгө мажбур болгонун билдирген. Расмий Бишкек анын айыптоосун четке каккан. (AiJu)

XS
SM
MD
LG