Кечээ Социал-демократтар жабык жыйын куруп, анда Бакыт Бешимовдун депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу маселесин карашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов билдирди. Анын ырасташынча, регламент боюнча депутат жүйөөлүү себепсиз 30 жумуш күн ичинде парламент жыйындарына катышпаса, өзүнүн мандатын тапшырышы керек. Бешимов бул эрежени аткарбаганы үчүн анын ыйгарым укуктарын алып салуу боюнча фракциянын арызы Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү.
Иса Өмүркуловдун билдиришинче, Бешимов өзү бул чечим тууралуу кабардар болду жана ал партиянын катарында кала бермекчи. Ал эми бошогон орунга партиялык тизмеде кийинки кезекте турган адвокат Галина Скрипкина келиши күтүлүүдө.
БШКдан билдиргендей, бүгүн аталган комиссия Б.Бешимовдун депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу маселесин карайт.
Бакыт Бешимов 23-июлдагы президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразычылык билдирип, бийликти сынга алган. Ал август айында өзүн күч менен жок кылуу аракети болгондугун айтып, өлкөнү убактылуу таштап кетүүгө мажбур болгонун билдирген. Бийлик өкүлдөрү болсо анын мыйндай айыптоосун четке каккан.
Бакыт Бешимов буга чейин парламенттеги СДП фракциясын да жетектеп келген эле. Кечээги жабык отурумда фракция мүчөлөрү анын ордуна депутат Роза Отунбаеваны башчылыкка шайлашты.