Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Ош облсоту террорчу делгендердин арызын канааттандырбады


Абакта жаткандардын жактоочусу Айсалкын Карабаева «Азаттыкка» билдиргенине караганда, төрт эркек, жалгыз аял куралчан топторду уюштурган, террорчулук, бандиттик аракеттерди жасаган жана укук коргоо органынын өкүлүн өлтүргөн деп айыпталышкан, бирок алар күнөөсүн мойнуна алышкан эмес. Ага улай жактоочулар жараянды башкарган Өзгөн райондук сотунун төрагасы Кушчубай Султановго ишенбөөчүлүк жарыялашкан. Ош облустук соту айыпталуучулардын даттануусун негизсиз деп тапты. Ошентип, эртең, 13-ноябрда кайрадан Өзгөн сотунда кылмыш ишин кароо улантылат.

Быйыл 27-июнда Өзгөн районуна караштуу Кош-Коргон айылында Кыргызстандын атайын кызматы белгисиз куралчан топту кармоого аракеттенген. Тилекке каршы, экинчи тарап ок атып, граната жардырган. Операция убагында Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү делген үч жоочу жок кылынган, бирөөсү качып кутулган, ал эми окуяга тиешеси бар делинген бешөөнүн үстүнөн төрт берене боюнча кылмыш иши козголгон болчу. (ATo)

XS
SM
MD
LG