Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Чочко тумоосу Ысык-Көлгө да жетти


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан Саламат Алиев аттуу 32 жаштагы жигит чочко тумоосуна чалдыкканы аныкталды. Райондук оорукананын башчысы Токтобек Мамаевдин Азаттыкка билдиргенине караганда, Саламат иниси Сапар, келини Айжан менен Санкт-Петербург шаарынан келишкен. Чочко тумоосунун белгилери азырынча Саламаттан гана аныкталып, дарыланып атат. Айжан менен Сапар да ооруканага жаткырылып текшерүүдөн өттү, азырынча Бишкектеги лабораториянын жыйынтыгын күтүп атышат. Башкы дарыгер Токтобек Мамаевдин баамында, Алиевдердин үй-бүлөсү шаардан Ысык-Көлгө келгиче жүргүнчүлөргө да чочко тумоосунун жуктурушу мүмкүн экен. Учурда Ак-Суу районундагы дарыканаларда даки беткаптар таңсыкка айланып, баасы 5 сомдон 13 сомго кымбаттады.(RB)

XS
SM
MD
LG