Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Петровка окуясына катышкан жигиттер көрсөтмө бере баштады


Жергиликтүү лидерлердин бири Баялы Саркуловдун “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, Петровкадагы тополоңго катышы бар деп учурунда 90 чакты жигит камакка түшкөн. Алар бүгүнкү көрсөтмөлөрүндө жети айдан бери камакта олтурушкан Э. Бөлөкбаев, У. Рыскулов жана С. Аргынбаевди окуяга тиешеси жок деп аташты. Буга чейинки көрсөтмө берген жабырлануучулар жана башка күбөлөрдүн дээрлик көбү камалгандарды күнөөсүз деп атап келе жатышат. Окуяга тиешелүү 300дөн ашык күбө болгон болсо, учурда алардын 40ка жакыны гана көрсөтмө берди. Соттук териштирүү 17- ноябрда Петровка айылында улантылат. (JJ)
XS
SM
MD
LG