Жалпы улуттук экинчи жылдык кайрылуусунда Орусия президенти Дмитрий Медведев өлкөнүн экономикасын толугу менен жаңылоого үндөдү. 12-ноябрда Кремлде жүздөгөн парламентарийлер менен өкмөт өкүлдөрүнүн алдында сүйлөгөн президент жаңы технологияны өнүктүрүүнүн зарылдыгын баса белгиледи. Ал Орусия «эң жөнөкөй (примитивдик) коомдун деңгээлинен» өйдө көтөрүлүп, «интеллигенттүү, эркин, жоопкерчиликтүү адамдардын өлкөсү болуп калышы керек» деди. Ошол эле мезгилде Медведев мамлекетти «демократиялык ураандар» менен туруксуздаштырбоо (бейстабилдештирбөө) керек деп эскертти.