Премьер-министр Данияр Үсөновдун бүгүн парламентте билдиргенине караганда, электр энергиясына баа бардык аймактарда калк үчүн 1,5 сом деп белгиленген. “Тарифтер боюнча калк 71, ишканалар 96 тыйын, башкалар 1сом 19 тыйын төлөп келишкен. Ал эми Токтогул районунда 4 тыйын төлөнөт. Сегиз түрдүү тариф бар экен. Бул коррупцияны жарат. Ошондуктан Кыргызстанда калк үчүн 1,5 сом, бир гана тариф болот”, - деди өкмөт башчы. Ал ошондой эле бул баа кимге оор болсо өкмөт жардам бере турганын белгиледи. Айрым депутаттар эки түрдүү тариф болуп, калк үчүн арзаныраак болсо деген сунуштарын айтышты. (КЕ)