Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Алай тоолорунда кытай ишкерлерин карактап кетишти


Он экинчи ноябрга оогон түнү тогуз кытай жана үч кыргыз ишкери түшкөн автобус Чыйырчык ашуусунда келатканда белгисиз адамдар токтотуп, айдоочуну токмоктоп, ичкериде үргүлөп бараткан жүргүнчүлөрдү коркутуп-үркүтүп, 3810 АКШ долларын, 56 200 сомун, 2600 юанын жана соткаларын тоноп, изин суутушкан. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Таалайбек Акбаев «Азаттыкка» маалымдады. Ал ошондой эле милиция кызматкерлери кылмышкерлерди узатпай кармоо боюнча бардык чараларды көрүп жаткандыгын кошумчалады. Анткени менен экономикалык талдоочулар Ош жергесиндеги чет өлкөлүк ишкерлердин да коопсуздугу бийлик менен түзүлгөн атайын келишимдердин негизинде камсыз кылынууга тийиш, ансыз жогорудагыдай жоруктар азайбат деп эсептешет.(АТо)

XS
SM
MD
LG