КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборунун маалыматына караганда тумоого каршы бир жолу колдонулуучу беткаптар жеке ишкерлер тарабынан алынып келинип, шаардагы дарыканаларга таратылды. Кийинки жумада дагы 10 эсе көп беткап алынып келинмекчи.
Чочко тумоосунун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жарандарга коомдук жайларда беткап кийүү сунушталгандан кийин, борбор калаадагы дарыканаларда беткап калбай калган. Медиктердин белгилөөсү боюнча бир жолу колдонулуучу беткаптардын пайдалануу убактысы -3-4 саат.(ZKo)