Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:51

Нарында электр акысы кымбатташына каршы митинг болду


Нарын шаарынын борбордук «Теңир-Тоо» аянтында өткөрүлгөн митингге жалпысы 70ге жакын адам күбө болушту. Жергиликтүү «Биримдик» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган жыйында чыгып сүйлөгөндөр электр наркынын 1,5 сомго кымбатташы калк катмарынын негизки бөлүгүн ого бетер жакырчылыкка алып келет деп белгилешип, кышы узак Нарын жергесине наркты көбөйтүүгө каршы чыгышты. Жыйында ошондой эле Кумтөр кенинен бөлүнгөн каражаттар, Борбор Азия Университети тууралу да пикирлер айтылды. Жыйынтыгында Президентке кайрылуу жолдонуп, аны мамлекет башчысына түз алып барып, колуна тапшыруу жөрөлгөсү кабыл алынды. Митинге бийлик өкүлдөрүнөн эч ким катышкан жок.

Кыргыз өкмөтү жаңы жылдан тарта электр кубатынын баасын эки эсе, жылуулуктун наркын 5-10 эсеге көтөрүү тууралуу чечим кабыл алганын бүгүн премьер-министр Данияр Үсөнов парламентте билдирген.(KUs)

XS
SM
MD
LG