Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

АКШ президенти Жапонияга келди


Жапония Азия боюнча бир апталык сапарга чыккан Барак Обаманын алгач токтогон өлкөсү. Бүгүн ал Токиядо жапон өкмөт башчысы Юкио Хатояма менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бийликке быйыл сентябрда келген Хатояма анын өлкөсү дипломатияда АКШдан көбүрөөк көз карандысыздыкты көздөөрүн айткан. Эки лидер коопсуздук алакаларын, климаттын өзгөрүшүн, Кытайдын экономикалык кубаты артуусун талкуулары күтүлүүдө. Эртең болсо Токиодо Барак Обама АКШ менен Азиянын алакасы жөнүндө сөз сүйлөйт. Андан соң Азия –Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Сингапурга жол тартат. Президенттик кызматка киришкенден берки биринчи Азия сапарынын алкагында Барак Обама Кытай менен Түштүк Кореяга да барат.

XS
SM
MD
LG