Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Нарында карышкырдан бир түндө 44 кой кырылды


Окуя Нарын районундагы Миң-Булак айыл округунун Төрт -Сарай деген жеринде болгон. 10-ноябрдын түнүндө Калык Муңдузовдун короосуна карышкыр тийип, 44 кой кырылган. Мындай маалыматты билдирген Талант аттуу жаран өздөрүнө тийешелүү өлгөн 14 баш койду союп, бирок эттерин жебегендиктерин, калган өлгөн койлордун эттери эмне болгондугун билбестигин айтат. Окуя боюнча райондук акимчиликке да, райондук ветеринария башкармалыгына да маалымат түшкөн эмес. Ал эми Миң-Булак айылдык округунун ветеринар адиси Бейшен Дыйканбаев карышкыр 7-8 койду жегендигин, калган мал басырык болуп өлгөндүгүн, өлгөн койлордун эттери элге таратылып кеткендигин билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG