Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин маалымат кызматы бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, бул иш-чара Тажикстандын Согду облусунун борбору Кожент шаарында эки өлкөнүн коңшулаш облус жетекчилеринин катышуусунда өтүп, иш чарада Кыргызстандын кинотармагы, Баткен облусу тарабынан даярдалган көркөм тасмалар Согду облустук телекомпаниясынан көрсөтүлүп, мындан сырткары көргөзмө жарманкелер, маданият кызматкерлери жана жергиликтүү ырчылар тарабынан даярдалган эмгектер тартууланды. Облус жетекчилеринин жолугушуусу учурунда Баткен облусунун губернатору Марат Жумабеков эки өлкөнүн мамилесин артыруу үчүн аймактык кызматташуу чоң натыйжа берээрин белгилеген. (JsA)