Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

11-сентябрь боюнча башкы айыпталуучунун иши Нью-Йорк сотунда каралат


АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулду уюштурганы үчүн шектелген Халид Шейх Мохаммеддин иши Нью-Йорктогу жарандык сотто каралууу мүмкүн. АКШнын юстиция министри Эрик Холдер Шейх Мохаммеди жана террорчулук боюнча шектелип учурда Гуантанамо аралындагы түрмөдө отурган дагы башка төрт айыпкерди Нью-Йоркко которуу жөнүндөгү чечимди бүгүн жарыялары күтүлүүдө. Америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, Халид Шейх Мохаммед 2001-жылдын 11 –сентябрында 3000дей кишини мерт кылган терракттарды пландаганын моюнга алган. Террорчулук боюнча шектелип, Гуантанамодо кармалып келген чет элдиктерди ишин сотто кароо үчүн эми өлкөнүн аймагына алып келүү - АКШ президенти Барак Обаманын Гуантанамо түрмөсүн жабуу планындагы маанилүү кадам.

XS
SM
MD
LG