Өлкөнүн ички иштер министри Бешир Аталайдын бүгүн парламентте билдиргенине караганда, өкмөттүн пландарына күрд тилин колдонууда киригизилген чектөөлөрдү жоюу да бар. Ошондой эле дискриминация менен күрөшүү жана коопсуздук күчтөрүнүн аракетине даттануу боюнча комитеттер уюштурулат. Түрк бийлигинин мындай чаралары өлкөдө азчылыкты түзгөн күрддөрдүн согушкерлери менен ондогон жылдарга созулган куралдуу жаңжаалды токтотууга багытталган.
Түркиянын азыркы премьер- министри Режеп Тайып Эрдогандын саясий оппоненттеринин пикиринде, бийлик күрддөр алдында кыйла чегинүүгө барып, Түркиянын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурууда.
Түркиянын азыркы премьер- министри Режеп Тайып Эрдогандын саясий оппоненттеринин пикиринде, бийлик күрддөр алдында кыйла чегинүүгө барып, Түркиянын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурууда.