Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

11-сентябрь боюнча башкы айыпталуучунун иши жарандык сотто каралат


АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулду уюштурганы үчүн шектелген Халид Шейх Мохаммеддин иши Нью-Йорктогу жарандык сотто каралат. АКШнын юстиция министри Эрик Холдер Шейх Мохаммедди жана террорчулук боюнча шектелип учурда Гуантанамо аралындагы түрмөдө отурган дагы башка төрт айыпкерди Нью-Йоркко которуу жөнүндөгү чечимди жума күнү жарыялады:

-Сегиз жылга созулган кармалуудан соң, 11-сентябрдагы кол салуу үчүн жоопкер деп эсептелгендер акыркы аягында сот алдына барат. Алар күнөөлөнүп жаткан кылмыштары боюнча жооп берүү үчүн Нью-Йоркко, бир кезде эгиз мунара турган жерден бир аз гана аралыкта жайгашкан сот имаратына алынып келинет.

АКШнын Башкы прокурору жана юстиция министри Холдердин айтымында, тергөөчүлөр 11-сентябрь үчүн айыпталып жаткандардын ар бири үчүн сотто өлүм жазасы берилишине жетишүүгө аркеттенет.

Америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, Халид Шейх Мохаммед 2001-жылдын 11 –сентябрында 3000дей кишини мерт кылган терракттарды пландаганын моюнга алган. Террорчулук боюнча шектелип, Гуантанамодо кармалып келген чет элдиктерди ишин сотто кароо үчүн эми өлкөнүн аймагына алып келүү - АКШ президенти Барак Обаманын Гуантанамо түрмөсүн жабуу планындагы маанилүү кадам.

XS
SM
MD
LG