Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Чочко тумоосунан сактанууга дары-дармектер Кыргызстанда жетиштүү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, учурда ооруканада алты адам дарыланып жатат. Алардын үчөөнүн абалы орточо, үчөөнүн оорулары жеңилдеп калган. Ысык-Көлдө 4, Ошто 1, Жалал-Абадда 3 адам дарыланып жатат. Чочко тумоосун жуктурган адамдардын саны 37. “Бүгүнкү күнгө карата чочко тумоосуна каршы дары-дармектер жана башка каражаттар жетиштүү”, деп билдирди Н.Айткулиев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG