Ага чейин 2 күн Жапонияда болгон Обама АКШ Азия менен жакындашуу саясатын бекемдейт деп ишендирди. Токиодо сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти ошондой эле өнүгүп-өскөн Кытай бүткүл дүйнөнүн күч-кубатын арттырууга жөлөк болуп бере алат деп белгиледи. Түндүк Корея маселесине да токтолуп, Обама Пхеньяндын коркутуусунан улам Америка артка тартпайт, алты тараптуу эл аралык сүйлөшүүлөргө Түндүк Корея тарап кайтып келиши керек деп үндөдү.