Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Косово көз карандысыздык алгандан берки биринчи шайлоосун өткөрүүдө


Косоволуктар бүгүн өлкөнүн 36 муниципалитетинин башчылары менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлап жатышат.
Бул - Косово былтыр февралда Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан берки алгачкы шайлоо. Добуш берүүгө укутуулардын саны 1,5 миллион. Бирок Косовонун саны 120 миңди түзгөн серб азчылыгы добуш берүүнү бойкоттору күтүлүүдө. Сербия жана анын өнөктөшү Орусия Косовонун көз карандысыздыгын тааныбоону улантып келе жатат. Албан партияларынын ич ара тирешүүлөрүнөн жана кыянатчылыктар орун алышы мүмкүн деген коркутуулардан улам Косовонун бийликтери шайлоонун коопсуздугун камсыздоо үчүн беш миңдей полицейди бөлдү.

XS
SM
MD
LG