Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:35

Чехия Жибек ыңкылабынын 20 жылдыгын майрамдай баштады


1989-жылы ал кездеги Чехословакиянын коммунисттик режиминин кулашына алып келген Жибек ыңкылабынын башында турган мурдагы президент Вацлав Гавелдин урматына өткөн түнү Прагада концерт уюштурулду. Анда АКШ президенти Бара Обама, немец канцлери Ангела Меркел, мурдагы совет лидери Михаил Горбачевдун видео куттуктоолору көргөзүлдү. Майрамдык салтанаттардын негизги бөлүгү 17-ноябрда өткөрүлөт. Туура жыйырма жыл мурда ушул күнү полициянын тынч демонстранттарга каршы күч колдонуусу жалпы өлкө боюнча нааразылык акциясына жана 40 жылга созулган коммунисттик башкаруунун аякташына алып барган. 17-ноябрь Чехияда Эркиндик жана Демократия күнү катары белгиленет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG